Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Депутаттар Каптагаевдин уулуна чара көрүүнү сунуштады


Жогорку Кеңеш былтыркы ажылык сапар боюнча токтом кабыл алып, ага ылайык президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубанычбек Каптагаевге карата тергөө аракеттерин эң кыска мөөнөттө жүргүзүүнү Башкы прокуратурадан өтүнүүдө. Ажылык сапарга байланыштуу чырдуу маселелерди иликтеген депутаттык комиссия ажылыкты уюштуруу учурундагы мыйзам бузууларга Каптагаевдин уулунун тиешеси бар деген жүйөөнү билдирүүдө.

Мындан тышкары депутаттар Эмилбек Каптагаевдин саясий, моралдык, укуктук жоопкерчилигин кароо жана ага карата мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүүнү президенттен өтүнүштү.

Өз кезегинде Эмилбек Каптагаев ажылык сапардагы корруциялык аракеттерге, мыйзам бузууларга өзүнүн жана уулунун катыштыгы жоктугун буга чейин бир нече ирээт билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG