Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Отунбаева Блейк менен жолугушту


Бүгүн Президент Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Блэйк кыргыз жетекчилигинин саясий жараяндарда ачыктыкты жана демократиялуулукту камсыз кылып жатканын белгилеп, АКШ Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн ар тараптан колдой турганын ачыктады. Ошондой эле Кыргызстан чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыз кылууда АКШнын башкы өнөктөшү экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Роза Отунбаева өлкөдөгү соңку жараяндар тууралуу маалымат берип, аялдардын экономикалык симпозиумун өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн АКШ өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк баштаган өкүлдөр Бишкекте өтүп жаткан “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиумуна да катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG