Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Президенттик шайлоого катышуу ниетин дагы 2 талапкер билдирди


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн 50 жаштагы Тургунбек Нарикеев жана 40 жаштагы Жылдызбек Стамбаевдер өз талапкерлигин көрсөтүштү. Бул талапкерлердин экөө тең убактылуу иштебейт.

Буга чейин алты талапкер президенттикке ат салыша турганын расмий билдиришкен. Алар: “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, “Ата Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, Жашылдар партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев. Мындан тышкары Барктабас Аземкулов менен Сергей Трофимовдор өзүн өзү көрсөтүшкөн.

БШК азырынча бул талапкерлерди каттай элек. Алгач алардын экиден ыйгарым өкүлдөрү каттоодон өтүүдө.

Президенттикке талапкерлер каттоодон өтүү үчүн 30 миң кишинин колун чогултуп, 100 миң сомду БШКга төлөшү керек. Ошондой эле талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшү абзел.

Шайлоодо ат салышууну каалаган жарандар 16-августка чейин мындай ниетин БШКга билдирүүгө тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG