Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Араванда кырдаал тынч


Араван районунун акими Пайзилла Мырзабарамов аймакта кырдаал тынч экенин бүгүн эртең менен "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, талааларда иш кызып, базарларда соода жүрө баштады. Жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошентсе да айрым бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү элде чочулоо бардыгын билдиришүүдө.

Араван районунун Юсупов атындагы айылдык округундагы мөмө-жемиш саткан базардын айланасында 17-июлда кыргыз-өзбек таксисттери чатакташа кетип, анда Исмаил Табалдиев аттуу таксист ур-токмокко кабылган. Сабалган тургундун 50 чамалуу жакындары кечээ базардын алдына келип, күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан. Алар Араван районунун акими Пайзилла Мырзабарамов менен сүйлөшкөндөн кийин таркап кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG