Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Каддафинин өкүлдөрү АКШнын расмий адамдары менен сүйлөштү


Ливиянын өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн айтымында, лидер Муаммад Каддафинин ишенимдүү адамдары АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуу боюнча сүйлөшкөн. Мындай жолугушуу болгонун АКШнын Мамдепартаменти да ырастады, бирок анда америкалык тарап “Ливияда Муаммар Каддафи бийликтен кетиши керек” деген позициясын билдириш үчүн гана жолугушканын айтышты.
Жума күнү Стамбулдагы жолугушууда АКШ жана 30 ашуун өлкө Ливияда Муаммар Каддафиге каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды өлкөнүн легитимдүү өкүлдөрү деп таануу тууралуу чечим кабыл алышкан.

XS
SM
MD
LG