Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Орусияда ФСБ ири теракттын алдын алганын билдирди


Федералдык коопсуздук кызматтын башчысы Александр Бортников бул тууралуу кечээ президент Дмитрий Медведев менен жолукканда айтты.

"Түндүк Кавказдан келген төрт адам кармалды, - деди Бортников. - Алар адам көп чогулган жерлерде, транспортто теракт даярдашкан. Колдонууга даяр турган жардыргыч зат табылды".

Анын айтымында, кармалгандар күнөөнү моюнга алышты. ФСБ бул операция тууралуу бир нече күн мурдараак билип, аны болтурбай койгонго жетишкен.

XS
SM
MD
LG