Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Казакстан Р.Алиев тууралуу далилдерди Австрияга бергенге даяр


Казакстан президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин күнөөсүн күбөлөндүргөн далилдерди Австрия бийликтерине жиберүүгө даяр экенин билдирди. Казакстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ильяз Омаров баардык документтер даяр экенин, Венадагы бийликтер качан сураса, жибере алышаарын журналисттерге кечээ айтты. Рахат Алиевди Казакстанда эки банкирдин өлүмү үчүн айыптап жатышат.

Буга чейин Алиевди экстрадициялоо тууралуу казак бийликтеринин эки жолку арызын Австрия четке каккан. 48 жаштагы Рахат Алиев учурунда Казакстандын Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министринин орун басары жана өлкөнүн Австриядагы элчиси болгон.

XS
SM
MD
LG