Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Сотторду тандоо кеңешин байкоого алганы жатышат


Кыргызстандын укук коргоочулары Сотторду тандоо кеңешин ачык иштөөгө чакырып, бул кеңештин мүчөлөрүн буга чейин кылган иштери тууралуу маалымат берип, резюмелерин калкка ачык жарыялоого үндөшүүдө. Мындан тышкары укук коргоочулар Сотторду тандоо кеңешинин ишин көзөмөлгө ала турган Коомдук байкоочу кеңеш түзүү сунушун айтып, сот системасын реформалоодо Сотторду тандоо кеңешинин ролу чоң экендигин билдирүүдө.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган.

Бул кеңеш Кыргызстандагы 450дөн ашык судьялардын кызмат ордуна ылайыктуулугун кайра карап чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG