Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Коммунисттер Исхак Масалиевди президенттикке көрсөттү


Кыргызстандын Коммунисттер партиясы президенттикке талапкер катары партия лидери Исхак Масалиевди көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Натыйжада президенттикке ат салышууну каалап, бул тууралуу БШКга расмий билдирген талапкерлердин саны онго жетти.

Буга чейин “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата-Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров жана “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев президенттикке ат салыша турганын БШКга билдиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев жана Игорь Трофимов өзүн өзү көрсөтүшкөн.

БШК азырынча бул талапкерлерди каттай элек. Мыйзамга ылайык, алгач талапкерлердин экиден ыйгарым өкүлдөрү катталышы керек. Бул өкүлдөр талапкерди каттоо үчүн керек болгон бардык документтерди БШКга тапшыруу менен алек болушат.

Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Мындан тышкары бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылышы абзел. (KKs)

XS
SM
MD
LG