Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Кыргызстанда Кылмыш кодексинен “жалаа жапкан адамды кылмыш жоопкерчилигине тарткан” берененин күчүн жоготконун кубаттап чыкты.
Дуня Миятович өз билдирүүсүндө жалаа жабуу боюнча кылмыш куугунтугунун алынышы өлкөдөгү маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылаарын белгилеген. Мындан тышкары Кыргызстан мындай кадамга барган Борбор Азиядагы алгачкы өлкө экенин кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Кылмыш кодексиндеги мындай өзгөрүүлөрдү Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алгандан кийин президент Роза Отунбаева бул мыйзамга 11-июлда кол койгон. Дуня Миятович эми Кылмыш кодексинен “мазактоо” беренелери да алынат деген ишенимин билдирүүдө.
Кыргызстандын тарыхында “ушактады” деген кине менен бир канча журналист айып пулга жыгылган болчу. (KKs)