Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Бишкекте ымыркайдын сатылышы боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Алай районунун тургуну делген 25 жаштагы аял кайрылган. Ал жаңы төрөлгөн баласын чала тааныган аял алып кетип, бербей жатканы тууралуу арызын таштаган.

Натыйжада бул ишке шектүү делип Бишкектеги төрөтканалардын биринин кызматкери 34 жаштагы аял кармалып, анын ымыркайды 52 миң сомго өз таанышына сатканы аныкталды. Азыр бала өз энесине кайтарылып берилди.

Ички иштер министрлиги ымыркайды сатуу иши төрөткананын ичинде болбогонун, ымыркай төрөткана кызматкеринин үйүндө төрөлгөнүн билдирүүдө.

Бүгүн бир катар интернет булактары Бишкектеги 6-төрөт үйүнүн медициналык кызматкери жаңы төрөлгөн ымыркайды 52 миң сомго сатып жиберди деген маалымат таркатышкан. Бишкектеги 6-төрөт үйүнүн жетекчилиги болсо, бул маалыматтар тастыкталбаганын “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG