Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Жыл башынан бери дайынсыз болгон 53 өспүрүм изделүүдө


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстан боюнча 480 өспүрүмдүн жоголгону тууралуу кайрылуу түшкөн. Алардын 427си табылып, туугандарына кайтарылган. Ал эми 53 жашы жете элек өспүрүм болсо алигиче дайынсыз болууда.

“Өспүрүмдөрдүн жоголушунун ар кыл себептери бар. Кээде балдары ата-энелери менен келише албай атайын эле үйдөн качкан учурлар кездешет”, - деди Ахмедов. (KKs)

XS
SM
MD
LG