Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

Июнь коогасы боюнча 1 млн сом алдап алган аял кармалды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун 40 жаштагы тургуну Айнура Жокоева бир тууган эжеси коогада каза болду деп жасалма документ жасап, компенсация катары өкмөттөн 1 миллион сом алган. Иликтөөнүн жүрүшүндө мерт болду деген адам тирүү экендиги аныкталып, «көз боёмочулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада жасалма документ даярдап, компенсация алган аял Ош шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (KKs)

XS
SM
MD
LG