Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Ата-бала Мөрдоктор Улуу Британия парламентинде жооп берди


Руперт Мөрдокту “чөгөлөткөн” күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
Түз линк

Руперт Мөрдок, “News Corporation” компаниясынын башчысы, 19-июлда Британ парламентинин мүчөлөрүнүн алдында өзүнө таандык “News of the World” гезитинин телефондорду тымызын тыңшоо өнөкөтү менен байланыштуу чатак окуя боюнча суроолорго жооп берип, бул күн ө

Бүгүн (19-июлда) Улуу Британиянын парламентинде "тымызын телефон тыңшоо" чатагына байланыштуу медиа-магнат Руперт Мөрдок менен анын уулу Жеймс Мөрдок депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Руперт Мөрдок, “News Corporation” компаниясынын башчысы, Британ парламентинин мүчөлөрүнүн алдында өзүнө таандык “News of the World” гезитинин телефондорду тымызын тыңшоо өнөкөтү менен байланыштуу чатак окуя боюнча суроолорго жооп берип жатып, бул күн өзү үчүн өзгөчө намыска тийген күн болгонун айтты. Уулу Жеймс Мөрдок болсо бул чатак окуя үчүн кечирим сурады.

Парламенттеги угуулар Р.Мердокко таандык "Нюс ов зе ворлд" (News of the World) гезити британиялыктардын жеке турмушуна мыйзамсыз кийлигишкени тууралуу чатакка байланыштуу өтүп жатат.

Жакында бул чатактуу окуянын айынан "Нюс ов зе ворлд" гезити жабылган болчу.

Кечээ ал гезиттин мурдагы кызматкери, басылманын мыйзамсыз иштери тууралуу биринчи болуп айткан Шон Хоардын өлүгү табылган. Анын өлүмү азырынча иликтенип жатат.
Өлкөнүн премьер-министри Девид Камерон парламенттеги угууларга катышуу үчүн Африкага сапарын чукул кыскартты.

XS
SM
MD
LG