Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Британ өкмөт башчысы “телефон чатагы” боюнча суроолорго жооп берет


Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон
Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон
Премьер-министр Дэвид Камерон бүгүн парламенттеги угууларга катышыш үчүн Африкага сапарын кыскартканга мажбур болгон. Парламентарийлер андан эмне үчүн өкмөт-башчы учурунда News of the World гезитинин редактору болгон Энди Коулсонду өзүнүн маалымат кызматынын башчысы катары жумушка алганын сурашы мүмкүн.

Жабылган бул гезитти 2007-жылы телефон тыңшоолор боюнча айыптай башташканда, Коулсон кызматынан кеткен болчу. Ушул күндөрү аталган басылманын кабарчыларын 4 миңдей адамдын телефондорун мыйзамсыз тыңшаганы, үн жаздырып калтырган билдирүүлөрүн өз алдынча өчүрүшкөнү үчүн айыптап жатышат.

Кечээ ушул эле маселе боюнча британ парламентинин мүчөлөрүнүн суроолоруна News Corporation компаниясынын жетекчиси Руберт Мердок, анын уулу Жеймс жана жабылган гезиттин мурдагы редактору Ребека Брукс жооп беришкен.

XS
SM
MD
LG