Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстан Али Осмон Зорго качкын макамын берүүдөн баш тартты


"Террорчул уюмдун мүчөсү" деп Түркиянын өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган Али Осмон Зорго Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги качкын макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин Качкындар иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Базаркүл Керимбаева билдирди. Анын айтымында, министрлик Зордун макам алуу үчүн келтирген жүйөлөрүн негизсиз деп тапты. Түрк жараны Али Осман Зор өткөн жылдын июнь айында качкын макамын берүү боюнча кыргыз бийлигине кайрылган.

Ушул жылдын 2-майында Түркиянын өтүнүчү менен Кыргызстан аны камакка алган. Жактоочулар Зор мыйзамсыз кармалып отурганын айтышат. Буга чейин бир катар укук коргоочулар Али Осмон Зорду Кыргызстан Түркияга өткөрүп бербеши керек деген билдирүүлөрүн таркаткан. Ал ортодо Зор УКМКнын убактылуу кармоочу жайында ачкачылыгын улантып жатканы кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG