Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Президенттикке ат салышууну каалагандардын саны 14кө жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн президенттик шайлоого катышуу ниетин “Московский Комсомолец Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев билдирди. Натыйжада президенттик орун үчүн ат салышам деген талапкерлердин саны 14кө жетти.

Буга чейин “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын БШКга билдиришкен.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, ошондой эле Игорь Трофимов, Нурлан Мотуев өзүн өзү көрсөтүшкөн.

БШК азырынча бул талапкерлерди каттай элек. Мыйзамга ылайык, алгач талапкерлердин экиден ыйгарым өкүлдөрү катталышы керек. Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Мындан тышкары бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылууга тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG