Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

21-июлда айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 21-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -4…+1 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG