Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Баткенде түндө болгон жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген учур каттала элек. Кадамжай районундагы алты айылда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 83 турак-жай авариялык абалда экендиги аныкталды.
Маалыматка ылайык, учурда жер титирөө болгон аймакта төрт атайын топ иликтөө ишин жүргүзүүдө. Алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, зыян келген турак-жайлардын саны мындан да өсүшү мүмкүн. Зилзала катталган Баткен аймагында чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев да жүрөт.
19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жеткен. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түзгөн. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалган. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллга жеткен болчу. (KKs)