Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Өкмөт бензин баасын тескөө аракетин көрүүдө


Бүгүн биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине эки күндүн ичинде Кыргызстанда сатылып жаткан бензин баасын тактоо тапшырмасын берди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул агенттик эки күндүн ичинде күйүүчү май бааларына мамлекеттик көзөмөл киргизүү маселесин да иликтеп чыгууга тийиш. Эгер өлкөдөгү май бекеттери атайылап бензин баасын камбаттатканы белгилүү болсо, анда мыйзамга ылайык, бааны көтөрүү менен табылган кошумча киреше өкмөткө алынат.

1-июлдан тарта Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылып турган Орусиянын Омск мунай иштетүүчү компаниясы Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө күйүүчү май берүүнү токтоткон. Буга Орусиянын өзүндөгү жана Казакстандагы май тартыштыгы себеп болгон. Бул себептен Кыргызстанда бензиндин айрым түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилген. Бишкекте акыркы күндөрү айрым май бекеттери бензин баасын 42 сомго чейин көтөрүп жиберишкен.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыңкы күндөрү Орусиянын үч шаарынан 6,5 миң тонналык бензин келе жатканын, бул запас 1-сентябрга чейин жетерин билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG