Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Фергана зилзаласынан адамдар жабыркашты


20-июлга караган түндө, саат бир жарым ченде Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта - Фергана шаарынан 45 чакырым, Баткен шаарынан 52 чакырым алыстыкта эки ирет катары менен жер силкинди. Алгачкы силкинүү 8 баллга, экинчиси 3 баллга жакындаган. Кыргызстандын алгачкы болжолдуу маалыматына караганда бул зилзалада 7 киши ооруканага кайрылып, экөө жаткырылды. Өзбекстан тараптан расмий маалымат түшө элек. Коомчулуктун өкүлдөрүнүн бири Бахадыр Элбаевдин өзүнүң тактоолоруна таянып, “Азаттыкка” билдиргенине караганда Риштанда
"догдурлар 5 киши өлүп, 40тай киши жарат алганын айтышты. Өлгөндөрдүн бири кошуна айылдан, төртөө Риштандан экен" деди.
Кыргызстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда жер титирөө 83 турак жайды жараксыз кылды, 12 айылдын эли электр кубаты жок калды. Электр кубатын калыбына келтирүү иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG