Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Зилзалада Өзбекстанда 13 киши мерт болду


Кечээ түнү кыргыз-өзбек чегарасында болгон зилзалада Өзбекстандан кеминде 13 киши мерт болуп, 90 чамалуу киши жарат алды. Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда кырсыкка адамдар эски турак үйлөрдүн кулашынан кабылышкан. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алгачкы маалыматтарына караганда ооруканага жети киши кайрылган, 6 айылдан 80ден ашык турак үй жабыркаган, 11 айыл электр жарыгысыз калган.
20-июлга караган түнү, саат бир жарым ченде эки ирет жер силкинип, анын биринчиси 8 (рихтер шкаласы боюнча 6,2) баллга, экинчиси 3 баллга чейин жеткен. Зилзаланын очогу Кыргызстан аймагында катталып, анын илеби Ташкенде, Казакстан аймагында да сезилген.

XS
SM
MD
LG