Баткен облусунда өткөн түнкү жер титирөөдөн улам бир катар айылдарда электр энергиясы өчүп калган эле. Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов бүгүн кечке чейин бул кырсыктын айынан жарыксыз калган айылдардын баарын электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келгенин "Азаттыкка" билдирди.
Баткен облусунда 20-июлга караган түнү күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан азырынча 83 турак-жай жабыркаганы аныкталганы кабарланууда. Бактыга жараша өлүм-житим болгон жок.
Баткен облусунда 20-июлга караган түнү күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан азырынча 83 турак-жай жабыркаганы аныкталганы кабарланууда. Бактыга жараша өлүм-житим болгон жок.