Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Сербия Горан Хажичти Гаага трибуналына өткөрүп берет


Горан Хажич кармалган учур, 20-июль, 2011
Горан Хажич кармалган учур, 20-июль, 2011
Босниядагы согуш кылмыштары үчүн изделип жаткандардын акыркысы Горан Хажич кармалганын Сербиянын президенти Борис Тадич кечээ кабарлаган. Эми ал Бириккен улуттар уюмунун Гаагадагы согуш кылмыштары боюнча сотуна өткөрүлүп берилээри айтылды. Хорватиядагы сербдердин согуш учурундагы лидери болуп турган 52 жаштагы Хажичти “адамзатка каршы кылмыш” үчүн айыпташууда.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон кечээги окуя тууралуу сүйлөп, “Сербияда Евробиримдикке кошулууга азыр шансы чоң” экенин белгиледи. Бирок Еврошаркеттеги кеңейүү маселелери боюнча комиссар Штефан Фюле “Азаттыкка” сүйлөп: "Эгерде Младич менен Хажичтин Гаага трибуналына өткөрүлүп берилиши эле Сербияга мүчөлүк укугун берет деп ойлосоңуз, жаңыласыз, - деди. - Хажичтин кармалышы, албетте, өтө маанилүү маселе, саясий тоскоолдуктарды четтетет, бирок Еврошаркетке кошулуш үчүн Сербия дагы далай милдеттенмелерди аткарышы керек".

Быйыл майда генерал Ратко Младич кармалгандан кийин, Хажич согуш кылмыштары үчүн издөөгө алынган акыркы адам болуп калган эле.

XS
SM
MD
LG