Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон анын өкмөтү “телефон тыңшоо чатагын” иликтөөнү токтотууга аракет кылган эмес деп билдирди. Кечээ өкмөт башчы парламенттин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Камерон анын аппаратына айтылган айыптоону “натуура” деп атады. Ал учурунда News of the World гезитинин редактору болгон Энди Коулсонду өзүнүн басма сөз катчысы кылып дайындаган чечимин да коргоду.
Аталган гезит адамдардын телефондорун мыйзамсыз тыңшаганын Коулсон билген деген айып менен июлдун башында камалган. Жакында жабылган басылма соңку алты жылда 4 миңдей адамдын телефонун угуп жүргөнү айтылды. Камерон кечээги сөзүндө анын өкмөтү саясатчылар менен журналисттердин байланышындагы мыйзамды бузган аракеттерди аягына чейин иликтейт деп убада берди.