Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар бар


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын арасында жер титирөөдөн түздөн-түз жапа чеккендер жок. Негизинен силкинүүдөн кийин кан басымы көтөрүлгөн беш киши Кадамжай райондук ооруканасына кайрылышкан. Кечээ "Азаттыктын" кабарчысы Кадамжай райондук ооруканасына 7 киши кайрылганын маалымдаган эле.

20-июль күнү саат 1:35те болгон жер титирөөнүн күчү Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл округунда 7 баллга жеткен. Зилзаланын кесепетинен 83 обьект жабыркаганы тууралуу маалыматтар расмий кабарланууда. Кечээтен бери жер титирөө болгон аймактарда жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиялары жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам топтору иликтөө иштерин жүрүзүп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG