Аталган айыл округунда жайгашкан Теңдик жаңы конушундагы жолдун курулушу аяктап, бүгүн пайдаланууга берилмекчи. Тынчтык жолу - чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар Маевка айыл өкмөтү менен кошо ЮСАИДдин жардамы аркылуу ишке ашырылган атайын долбоор. “Балдарды коргоочулардын лигасы” бейөкмөт уюмунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул долбоор Маевка айылынын жана анын айланасындагы жаңы конуштардын жаштарын ынтымакта жашоосун камсыз кылуу жана ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу болуп эсептелет. Жолдун курулушуна Маевка айыл өкмөтүнүн түрдүү улуттагы жаштары тартылган.
Өткөн жылы 19-апрелде Маевка айыл өкмөтүнүн тургундары менен үлүш жерлерди басып алгандардын ортосунда чатак чыгып, бир киши мерт болгон.(ZKo)
Өткөн жылы 19-апрелде Маевка айыл өкмөтүнүн тургундары менен үлүш жерлерди басып алгандардын ортосунда чатак чыгып, бир киши мерт болгон.(ZKo)