Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

“Ал-Каида” катарына балдарды кошууга аракет кылып жатат


“Ал-Каида” террористтик уюму жаш балдардын арасынан террорчулукка мүчөлөрдү тартыш үчүн мультфильм тартып бүтүп калганы айтылды. Бул тууралуу жаңылык Йемендеги “Абу ал-Лайт ал-Йемен” жихад тобунун интернеттеги сайтында берилди. Тасма интернеттеги сайттар жана ДВД аркылуу таркатылаары кошумчаланды. Террористтик уюмдар катарын кеңейтиш үчүн жаңы технологияларды алгачкы жолу колдонуп жатышкан жок. Буга чейин Йемендеги экстремисттик топ аялдардын косметика колдонуу жолдору тууралуу интернетте аялдардын журналын чыгарганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG