Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияев кармалды


Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү делген Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияевдин кармалганын Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” бүгүн тастыктады. Маалыматка ылайык, Көлбаев менен Анапияев кармалганын Араб Эмиратынын полициясы Кыргызстанга бүгүн телефон аркылуу билдиришти. Бирок азырынча бул боюнча расмий документ келе элек. Турганбаевдин айтымында, кылмышкер делген бул эки адам Бириккен Араб Эмиратында да бир катар кылмыштуу аракеттерге аралашкан экен.

Көлбаев менен Анапияев Кыргызстанда бир катар чуулгандуу иштерге шектелип, "кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү" катары сыпатталып келет.

1-июнда АКШ президенти Барак Обама кыргызстандык Камчыбек Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизгени кабарланган. 37 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында катталып, уюшма кылмыштуу топтун бирден-бир негизги өкүлү катары саналып келет. Ал узак убакыт бою кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан Рысбек Акматбаевдин тарапкери болгон. 90-жылдары Акматбаевдин тобунан бөлүнүп чыккан.

2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды деп күнөөлөнүп, Көлбаев 25 жылга эркинен ажыратылган. 2006-жылы анын түрмөдөн качып кеткени кабарланган. Былтыр Көлбаевди Бишкек милициясы кармап, бирок белгисиз себептер менен койо бергени маалымдалган. Ушул жылы Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, февраль айында Көлбаевге издөө жарыяланган болчу.

Ал эми отуз сегиз жаштагы Алманбет Анапияев “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары, өлкөнүн түштүк аймагындагы кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып жүрөт. Аны 2003-жылы Кадамжай райондук соту карактоо фактысы боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык сыноо мөөнөтүнөн соң абактан чыгарылган. Жакында ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG