Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Маевкада “Тынчтык жолу” ачылды


Маевка айыл округуна тиешелүү Теңдик жаңы конушундагы “Тынчтык жолу” деп аталган шагыл жолдун бүгүн ачылышы өттү. Жолдун ачылыш аземине бийлик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышып, азем концерттик программа менен уланды.

Жолдун курулушуна Маевка аймагындагы ар кыл улуттардын өкүлүнөн турган 60 адам тартылган. Бул долбоор Маевка айылынын жана анын айланасындагы жаңы конуштардын жаштарын ынтымакта жашоосун камсыз кылуу жана ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу болуп эсептелет.

Былтыр апрель айында Маевка айыл өкмөтүнүн тургундары менен үлүш жерлерди басып алгандардын ортосунда чатак чыгып, бир киши мерт болгон эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG