Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Токтанасыров Эмен багын сактагыла деп мэрия алдына чыкты


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек мэриясынын алдына келип, шаардагы Эмен багын сактап калууга чакырууда. Анын айтымында, учурда эмен бактары эрте куурап, ооруга кабылууда:

“Мындан улам Бишкек мэриясы экологиялык комиссия түзүп, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышы абзел”, - деди Токтонасыров.

Буга чейин Бишкектеги бир катар бак-дарактуу жайларга күбө курту түшүп, жалбырактары эрте саргайып жатканы кабарланган. Бишкектеги муниципалдык Жашылдандыруу ишканасы бактарды дарылоонун жолдорун издеп жатышканын “Азаттыкка” билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG