Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Будданын айкелин коргоону жергиликтүү бийлик колго алат


Кыргыз-орус археологиялык иликтөөсүнүн натыйжасында Кызыл-Суу айылынын чыгыш тарабында табылган Будданын айкелин коргоо милдети жергиликтүү айыл өкмөтүнө тапшырылды. Бул тууралуу аймакта казуу иштерин жүргүзгөн Орусиянын Эрмитажынын илимий кызматкери Асан Торгоев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул айкелди казуу иштери бир жылдан кийин кайра уланат. Учурда табылган айкел кайра чүмбөттөлүп, мурдагы жеринде калды.

Июль айынын ортосунда Бишкектен алыс эмес жайгашкан Чүйдүн Кызыл-Суу айылынын чыгыш тарабында Будданын айкели табылып, анын 8-9-кылымдарга таандык экендиги аныкталган. Бул эстеликти калыбына келтирүүгө Орусиянын Эрмитажы жардам бере турганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG