Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусиядан Кыргызстанга бензиндин алгачкы партиясы келди


Бул тууралуу “Газпром Нефть Азия” компаниясынын басма сөз катчысы Ольга Волосатых “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн келген бензин менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарындагы май бекеттерин камсыз кылуу иштери башталды. Натыйжада алдыңкы күндөрү АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге коюлган чектөөлөр алынмакчы:

“Келген бензин базарды толук камсыз кылып, кайсы бир мөөнөт ичинде чектөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Башында чектөөнү 20 литрге жеткизип, андан соң таптакыр алып салабыз”, - деди Ольга Волосатых.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев Орусиянын үч шаарынан 6,5 миң тонна көлөмүндөгү бензин Кыргызстанга келе жатканын, анын алгачкы партиясы бейшемби күнү өлкөгө жетерин билдирген.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылып турган Орусиянын Омск мунай иштетүүчү компаниясы Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө күйүүчү май берүүнү 1-июлдан тарта токтоткон. Буга Орусиянын өзүндөгү тартыштык жана Казакстандын өтүнүчү себеп болгону кабарланган.

Мындан улам Кыргызстанда да бензин тартыштыгы пайда болуп, айрым май бекеттери бензиндин баасын 42 сомго чейин көтөрүп жиберишкен. Кардарларды күйүүчү май менен бирдей камсыз кылуу үчүн бензиндин кээ бир түрлөрүнө 10 литрге чейин чектөө киргизилген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG