Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

“Прогресс” кору БШКнын чечимине каршы


“Прогресс” кору Боршайкомдун маалымат агенттиктерине шайлоодо үгүт жүргүзүүгө тыюу салган чечимин сындап, бүгүн билдирүү таркатты. Билдирүүдө БШКнын бул чечими шайлоочулардын маалымат алуу укугун чектээри, интернет кабар таркатуу ишинде кадимки маалымат каражаттарынан кем калышпай турганы айтылат. Мындан улам аталган кор президенттик шайлоодо интернет булактарга үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчүн билдирип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ күнкү отурумунда жалпы 143 массалык маалымат каражатын каттап, 11 маалымат агенттигине үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген эмес. Бул жагдай мыйзамга ылайык Кыргызстанда интернет булактары жалпыга маалымдоо каражаттары деп эсептелбей турганы менен түшүндүрүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG