Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Таласта Жети-Төр көлүнөн ташыган суу көпүрөлөрдү алып кетти


Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түштөн кийин катуу жааган жамгырдын кесепетинен Таластын Кара-Буура районундагы Шилбили-Сай аймагында бийиктикте жайгашкан Жети-Төр көлү ташып, 4 даана ички чарбалык көпүрөнү алып кетти.

Мындан тышкары көлдөн ташыган суу аймактагы Кара-Буура, Боз-Кайың ички чарбалык жолдорун да жууп кеткен. Азырынча кишилей чыгым катталган жок. Райондук жарандык коргоо комиссиясы иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен дагы кошумча маалымат бермекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG