Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

23-июлда айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 23-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG