Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

БШК аймактык шайлоокомдорду түзүү боюнча чүчү кулак өткөрүүдө


Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн арыз берген саясий партиялардын арасында чүчү кулак өткөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Нурмамат Ашимов билдирди. Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссияларына мүчөлөрүн киргизүү арызы менен 20дан ашык саясий партия кайрылган.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо үчүн жалпы 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Ар бир аймактык комиссия 12 кишиден туруп, алардын жарымы саясий партиялардан көрсөтүлүүгө тийиш. Бир аймактык шайлоо комиссиясына алтыдан көп партиядан талапкер көрсөтүлсө, алты адам кагаз кармоо жолу менен тандалат.

Аймактык шайлоо комиссиялары 25-июлга чейин куралып бүтүүгө тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG