Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Ослодогу жардырууда кеминде 7 киши өлдү, Утойа аралында ок атуу болду


Ослодогу жардыруу маалында 7 киши өлүп, бир автоунаа ойрон болду. AP. 22.7.2011.
Ослодогу жардыруу маалында 7 киши өлүп, бир автоунаа ойрон болду. AP. 22.7.2011.

Норвегиянын ордо шаары Ослодо жума күнү түштөн кийин жардыруу болду. Анын айынан бери дегенде 7 киши набыт кетип, бир нече киши жаракат алды.

Жардыруунун эпкининен 17 кабаттуу өкмөт үйүнүн терезелери бырын-чырын болду. Күбөлөрдүн айтымында, бир автоунаа талкаланып жатат.

Өкмөт башчынын басма сөз өкүлүнүн тастыкташынча, өкмөт башчы Йенс Столтенберг жардыруудан жабыр тарткан эмес.

Өкмөт үйүндө жана ага жакын жайгашкан "Верденс ганг" гезитинин башкеңсесинде иштеген кишилер шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгарылды.

Бомба жарылган аймакты норвегиялык полиция күчтөрү курчоого алды.

Европа Биримдиги, НАТО, АКШ жана Улуу Британия бул жардырууну айыпташты.

Ушул эле жума күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулгандарга ок жаадырылганы кабардалды. Полициячынын кийимин кийген бир киши чогулган жаштарга ок жаадырган. Бир нече киши бул чабуулдан жаракат алды.

Бул жаштар жыйынына өкмөт башчы Столтенбергдин келээри күтүлүп жаткан.

Соңку маалыматтарга караганда, Ослодогу жардыруу менен Утойа (Utoya) аралындагы ок атуунун ортосунда байланыш бар болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG