Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыргызстан менен Өзбекстан футболчулары бүгүн беттешет


Кыргызстандын Футбол федерациясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда Кыргызстан менен Өзбекстан футболчуларынын биринчи мелдеши болот. Бул мелдешке Кыргызстандан 17 футболчу катышат. Кечээ биринчи машыгууда коргоочу Рустам Үсөнов жаракат алып, бүгүнкү негизги оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Бул футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы биринчи футболдук беттешүү болуп саналат. Экинчи беттешүү 28-июлда Бишкекте өтөт.

Футбол боюнча дүйнө биринчилиги 2014-жылы Бразилияда болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG