Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

“Прогресс” кору Эркиндик айкелин коргоп чыкты


Бүгүн “Прогресс” кору Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Эркиндик айкели алынат деген маалымат таркаганын айтып, кор ага каршы экенин билдирип чыкты. Кордун жетекчиси Адил Турдукулов Эркиндик айкели Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн башкы белгиси болгондуктан аны аянттан алуу натуура иш экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн айрым интернет басылмалар Ала-Тоо аянтындагы Эркиндик айкели алынарын, анын ордуна Манастын айкели тургузуларын жазып чыгып, бул тууралуу өмөттүн атайын токтому даярдалып жатканын билдиришкен. Өкмөт болсо айкелдер тууралуу эч кандай расмий маалымат бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG