Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Тартыштыкты алдын алуу үчүн күйүүчү майдын импорту көбөйөт


Бул тууралуу "Газпром Нефть Азия" ишканасынын жетекчиси Болот Абилдаев премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен кечээ күнкү жолугушуусунда билдирди. Абилдаевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда тартыштыкты алдын алуу үчүн бул айда 72 миң тонна, августта 85 миң тонна күйүүчү май ташып келүү пландалып жатат. Июнь айында Кыргызстанга 45 миң тонна гана күйүүчү май ташылып келген.

Өз кезегинде премьер-министр Алмазбек Атамбаев Орусиядан келе турган күйүүчү майдын көлөмү азайган учурда абалды жөнгөрүү үчүн атайын күйүүчү майдын резервин түзүүнү сунуштады.

1-июлда Орусиянын Омск мунай иштетүүтү ишканасы Кыргызстанга күйүүчү май берүүнүн токтотуп, натыйжада өлкө ичинде май тартыштыгы келип чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG