Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

“Бродвейдин кайтып келиши” иш-чарасынын экинчи баскычы башталат


Бүгүн саат кечки жетиде Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын айланасында “Бродвейдин кайтып келиши” аттуу көркөм-өнөр иш-чарасынын экинчи күнү башталат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири “t’аrt” сүрөтчүлөр тобунун мүчөсү Максат Болотбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чара “Диалог” деп аталып, анан алкагында көчө театрлары уюштурулуп, Бишкек тургундарына сүрөтчүлөр өнөрлөрүн көрсөтүшөт, акындар жазган ырларын окуп беришет. Бул иш-чаралар көрүүчүлөргө акысыз тартууланат.

“Бродвейдин кайтып келиши” аттуу көркөм-өнөр иш-чарасын “t’аrt” сүрөтчүлөр тобу, “GALA театры” жана “Ковчег” аттуу адабий уюмдун өкүлдөрү уюштурууда. Иш-чаранын максаты шаар тургундарынын искусствого кызыгуусун арттырып, аларга жагымдуу маанай тартуулоо болуп саналат.

“Бродвейдин кайтып келишинин” алгачкы этабы мындан эки жума мурда өткөн. Уюштуруучулар ар бир эки апта сайын дем алыш күндөрү ушундай иш-чараларды өткөрүп турууну көздөшүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG