Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Үгүт иштерин жүргүзүүдө айрым чектөөлөр кирди


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымовдун “Азаттыкка” билдиришинче, президенттик шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүдө айрым чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, президенттикке талапкер чет өлкөлүк бийик даражалуу адамдар менен түшкөн сүрөт, видеолорун үгүт иштеринде колдонбошу керек.

Экинчиси, чет өлкөлүк каналдарды алып көрсөткөн жергиликтүү телеканалдар, үгүт маанайындагы видеоматериалдардын эфирге кетишин алдын алуу үчүн, чет өлкөлүк каналдардын берүүлөрүн алдын ала жаздырып алып, текшергенден соң гана бериши кажет:

“Бул нерсе мыйзамда жазылды. Эми аны аткарышыбыз керек. Келе жаткан жумада бул багытта иштеген адистерди чакырып, чектөөлөрдү киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн тактайлы деп жатабыз”,-деди Нурмамат Ашымов.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн үгүт иштери 25-сентябрда башталат. (KKs)

XS
SM
MD
LG