Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Журналисттер шайлоону туура чагылдырууну үйрөнөт


Август айынын башында кыргызстандык журналисттер үчүн президенттик шайлоо өнөктүгүн чагылдыруунун эрежелери боюнча тренинг уюштурулат. Мындай иш-чара 1-2-августта Бишкек шаарында, 4-5-августта болсо Ош, Жалал-Абад шаарларында өткөрүлөт.

Иш-чаранын уюштуруучусу Интерньюс Нетуорк өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул окууда эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү адистер тажрыйбалары менен бөлүшөт. Тренингге бардык каалоочулар катыша алат.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Шайлоо системаларынын эл аралык корунун колдоосу алдында өткөрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG