Норвегиядагы террордук чабуулга шектелип жаткан жергиликтү жаран Андерс Беринг Брейвик бардык аракеттерди жалгыз өзү мойнуна алып жатат.
Жума күнү жаштар лагеринде жана Ослодо эки террордук чабуул жасалып, анда мерт болгондор боюнча 92ден 97ке чейинки сан айтылууда. Алардын 85и Утой аралындагы Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагериндеги аткылоодо мерт болушкан. Полиция шектелген адамдын жан жөкөрлөрү болушу мүмкүн деп болжоодо. Полиция башчысы Свейнанг Спонхеймдин айтымында 32 жаштагы Брейвик христиан-фундаменталист жана мусулмандарга каршы көз карашты тутунат. Ал суракта жасаган ишин моюнуна алып, бирок, аны күнөө деп санаган эмес.