Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Триполиде НАТО учактары Каддафинин штаб-квартирасын бомбалады


Ливиянын баш калаасын кечээ экинчи түн катары менен жардыруулар солкулдатып турду. НАТОнун коргонуу кызматынын басма сөз катчысы генерал-майор Ник Поуп британиялык учактар Муаммар Каддафинин Баб ал-Азизия комплексинин ичиндеги бийик дубалдарды бутага алгандыгын бышыктады. Анын аралыгында, Каддафинин тышкы иштер министри Абделати Обейди Каирдеги үч күндүк сапары майнапсыз карып, Ливияга кайтып келди. Ливия өкмөтүнүн маалымат катчысы Муса Ибрагим жума күнү Кошмо Штаттары жана козголоңчулар менен кошумча сүйлөшүүгө ливиялык өкүлдөр даяр экендигин, бирок Каддафи ордунда кала берээрин билдирген.

XS
SM
MD
LG