Армениянын өкмөт башчысы Тигран Саркисян орус өкмөтүнө Армениядан адамдардын көчүп кетүүсүн колдоосун токтотушу керектиги эскертилгенин билдирди. Саркисян мурдагы советтик жумурияттардын турмуш курган тургундарына Орусияда отурукташуу үчүн жумуш орундарын, турак-жай жана финансылык колдоо сунуш эткен орус өкмөтүнүн «Мекендештер» программасына байланыштуу сүйлөдү. Орусиянын Федералдык Миграция кызматы 2009-жылы Арменияда жолго коюлган бул программа менен жүздөгөн армян бүлөлөрү Орусияга көчүп келгендигин билдирген. Арменияда айрымдар бул программага тыю салууну талап кылышууда.