Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

7-апрель окуясы боюнча сот уланат


20-июлга белгиленген соттук териштирүү айыпталуучу Сергей Цигельниковдун саламаттыгына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Сергей Цигельников 14-апрелде айыпталуучулар менен жабырлануучулардын чатагында алган жараты жакшы болбой жатканын адвокаты сотто билдирген. Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев Сергей Цигельниковдун саламаттыгын шылтоо менен айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сотту создуктуруу амалын жасап жатат деген пикирин «Азаттыкка» билдирди.

Бүгүнкү сот жараянында жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG