Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Зилзала кесепетин БУУнун координациялык тобу да иликтөөдө


Улуттар уюмунун өзгөчө кырдаалдарда иш алып баруучу координациялык тобуна Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрылып, Баткендеги жер титирөөнүн кесепеттерине баа берүүсүн өтүнгөн. Буга байланыштуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Координациялоо жана ыкчам баа берүү боюнча түштүк командасын кырсыктын чыгымын иликтөөгө жиберген. Бүгүнкү күнгө чейин Улуттар уюму кырсыктан турак-жайы катуу жабыркаган үй-бүлөлөргө 250 чатыр жана жылуу төшөнчү берди деп билдирет өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматта айтылгандай, БУУнун координациялык тобу кырсыктын чыгымын баалоо иштерин улантып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG