Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Мерцбахер көлүнөн ашкан суу өз нугунда агууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады. Аталган министрлик, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Мерцбахер көлү 2011-жылдын 23-июлу күнү толуп, ташып кетүү коркунучу бар экендигин эскерткен. Бекилов Мерцбахер ташып, бирок жылдагыдай эле өз нугунда агып жатканын кабарлады.

Учурда аталган жайды атайын адистерден турган топ текшерүүдө. Адистер суунун көлөмү бир аптага чукул убакытта тартыларын белгилеп жатышат. Мындан улам аталган аймакта жашаган жарандарды, жайлоодогу чабандар менен малчыларды, ошол багытта жүргөн туристтер менен альпинисттерди сак болууга чакырат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG